Орусияда Instagram колдонууну чектөө сунушталууда

  • 2 года мурун

Орусиянын башкы прокуратурасы Роскомнадзорго Instagram социалдык тармагын колдонууну чектөө талабы менен кайрылды.

Бул тууралуу РИА Новости агентттиги маалымдады.

Мындай чечимди алар Инстаграммдын ээси болгон Meta компаниясы колдонуучуларды орусиялык аскер күчтөрүнө каршы чыгууга уруксат берилгенден кийин чыгарышканын белгилейт.

“Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы туруу” жөнүндөгү федералдык мыйзамга ылайык, Орусиянын башкы прокуратурасы сотко Meta Platforms Inc. ти Орусиянын аймагында экстремисттик уюм катары эсептөө жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу арыз жөнөткөн» деп айтылат билдирүүдө.    

Башкы прокуратура Инстаграммда орусиялыктарды жапырт баш-аламандыкка катышууга үндөө чакырыктары байма-бай пайда болуп тургандыгын белгилейт.

Роскомнадзор буга чейин Facebook социалдык тармагын пайдаланууга чектөө киргизген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты