Орусияда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

  • 2 года мурун

Орусиянын Тюмень облусунда Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги «N1—Первый Нижневартовский» телеканалына шилтеме берип жазды.

ЖМКдагы маалыматка ылайык, аял Нижневартовск шаарында туугандарыныкында жашынып жаткан.

«Ал жашынып жаткан үйгө Федералдык коопсуздук кызматынын Тюмен облусундагы аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери келген учурда жасалма паспортун көрсөтүп, үйдөн чыгып кетүүгө аракет кылган», — деп айтылат маалыматта.

Күч органдары шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Учурда издөөдө жүргөн жаранды Кыргызстанга экстрадациялоо маселеси каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты