Орусияда 7 млн рубль уурдоого айыпталган Айнагүл Борбуева сот залынан бошотулду

  • 11 месяцев мурун

31-майда Новосибирск облустук соту Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын жаранын сот залынан бошотту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын ноябрь айында Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Айнагүл Борбуева Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан РФ кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук) ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында РФ жараны В.С. 2021-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрына караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган.

Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы КР жараны А.Борбуева алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болуп, А.Борбуеванын жакындары жана жактоочулары менен түз байланышта тиешелүү консулдук юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуевага байланыштуу бардык соттук отурумдарга катышкан. .31-майда Новосибирск облустук соту Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын жаранын сот залынан бошотту.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты