Орусияда 4 кыргыз жараны жол кырсыгынан улам каза тапты

  • 1 месяц мурун

4-январда Орусиянын Оренбург облусунда кыргызстандык жарандар жол кырсыгына учурап, анын кесепетинен 55, 46, 25 жана 21 жаштагы төрт жаран каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жол кырсык катталган жерге барып, кырсыктын жагдайларын тактап, маркумдардын денелерин Кыргызстанга жиберүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министирлиги жарандарды жагымсыз аба ырайы шарттарында жеңил унаа менен алыскы сапарга чыгуудан баш тартууга жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты