Орусия «Талибанды» террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн
- 3 года мурун
Орусия «Талибан» кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын катарынан чыгарууга умтулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин «Валдай» клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Ошол эле маалда Путин алгач мындай кадамга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши барышы керек экенин белгиледи.
Орусия бийлиги кыймылды расмий түрдө тааныбай туруп, анын мүчөлөрү менен Москвада бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. 20-октябрда Орусиянын борбор шаарында «Талибан» кыймылынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын» жыйыны өткөн. Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандын жаңы бийлигинин эл аралык аренадагы макамына карабастан, алар менен өз ара аракеттенүү керек экенин белгилеген.
Талибдер августтун ортосунда Ооганстандын дээрлик бардык аймагын, анын ичинде баш калаа Кабул шаарын өз көзөмөлүнө алышкан. Ага чейин алар коалициялык өкмөт түзүү жөнүндө өлкө бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.
Бирок бийликти басып алгандан кийин кыймылдын өкүлдөрү коалиция түзүүгө муктаж эмес экенин, өкмөттү өз алдынча түзө башташкан. Алар Ооганстанды «Ислам Эмираты» деп жарыялап, анда диний көзөмөлдөгү светтик бийлик болорун билдиришкен.
Батыш өлкөлөрү «Талибанды» Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү деп тааный элек. АКШнын президенти Жо Байден талибдер бул үчүн узак жолду басып өтүшү керек экенин билдирген.
Талибдер 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстанды башкарып, аны Ислам эмираты деп жарыялашкан. Анда алардын өкмөтүн үч гана өлкө – Пакистан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары тааныган .