Орусия Кыргызстандан жашылча-жемиш азыктарын импорттоону жандантты

  • 2 года мурун

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы ушул жылдын 5-мартынан тартып Кыргызстандан жашылча-жемиш азыктарын импорттоого коюлган чектөөлөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Орусия Кыргызстандан томат жана калемпир азыктарын импорттоону жандантты.

Мындан тышкары кыргызстандыктар мал чарба продукцияларын ветеринардык сертификаттарды көрсөтпөстөн, электрондук документтер менен экспорттой алышат.

Сертификаттардын түп нускасын Орусияда товарды алгандан кийин Россельхознадзорго жөнөтсө болот. Аталган чара бардык мал чарба продуктуларына тиешелүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты