Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылган автоунаалардын утилизация алымын жогорулатат

  • 2 месяца мурун

Орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө (ЕАЭБ) өлкөлөрдөн Орусияга автоунааларды импорттоо эрежелерин өзөрттү. Бул тууралуу 14-февралда орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы эрежелер 2024-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Орус өкмөтүнүн токтомунда мындай чечим автоунааларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө бажылык тариздөөдөн өткөрүп келгендер менен бул жол-жоболорду Орусиянын өзүндө ишке ашыргандардын ортосунда бирдей шарт түзүү үчүн жасалганы айтылат.

Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү төмөн болгону менен утилизациялык алымдар мындан ары дагы жогорулайт дегенди билдирет.

Орус бийлиги автоунааларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө бажы тариздөөсүнөн өткөргөн жарандар жана компаниялар негизсиз артыкчылыктарга ээ болуп жатат деп эсептейт.

2023-жылы Кыргызстан автоунааларды импорттоону жана ошол эле учурда аларды Орусияга экспорттоону кыйла көбөйткөн. 2023-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 85 миңге жакын жеңил унаа импорттолгон. Импорттун негизги булактары Түштүк Корея менен Кытай болгон. Бирок бул өлкөлөрдөн алынып келинген унаалардын көбү Орусия менен Казакстанга экспорттолот.

Ишкерлердин айтымында, Кыргызстандын унаа рыногунда Евразия экономика биримдигиндеги башка өлкөлөргө караганда бир катар артыкчылыктары бар. Биринчиден, машиналар акциздик товар болуп эсептелбейт. Экинчиден, кайра иштетүү үчүн төлөм алынбайт. Ал Орусияда 300 миңден 1,7 млн рублге чейин чыгып кетет. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын кошумча нарк салыгы 12% болсо, Орусияда 19-20% төлөнөт. Бажы алымы Кыргызстанда 15% болсо, Орусияда жылына карап 20-25% жетет.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты