Орусия Бучадагы окуяларга Украинаны айыптап, БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талап кылды

  • 2 года мурун

Орусия Украинанын Буча шаарындагы окуялардан улам 4-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талап кылды.

Бул тууралуу өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский билдирди.

Өткөн жуманын аягында орус аскерлеринен бошотулган Буча шаарында көптөгөн жай тургундардын сөөктөрү табылган.

«Орус армиясы жай тургундарды өлтүргөн деген билдирүүлөр «украин радикалдарынын кыжырды келтирген чагымы». Биз чагымчылар менен алардын батыштагы колдоочуларынын жүзүн ачабыз» деп жазды Полянский Телеграм каналына.

Өз кезегинде Украинанын Президенти Владимир Зеленский Орусиянын Буча шаарындагы аракетин БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкуулоону өтүндү.

Өткөн жуманын соңунда орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турган Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болгону кабарланган. Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болгон. Мындан улам украин тарап Орусияны адамзатка каршы кылмыш кылууга айыптаган. Буга байланыштуу батыш өлкөлөрү Кремлге каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү пландап жатышат.

Ишембиде Буча шаарына кирген Reuters менен AFP агенттигинин кабарчылары да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташкан.

Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги жайкын тургундар өлтүрүлгөнү тууралуу айыптоолорду четке кагып, бардык сүрөттөр менен видеолор чагым экенин жана аларды Киев режими «батыш ЖМКлары үчүн атайын жасаганын» билдирген.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты