Орус аскерлери Харьков облусунун түндүк бөлүгүн таштап кетүүдө

  • 2 года мурун

Орусиянын күчтөрү Украинанын Харьков облусундагы чек арага жакын аймактардан чыгып кетүүдө.

Бул тууралуу жекшемби күнү кечинде Телеграм-каналдар аскерлерге жана жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, орус аскерлери Волчанск шаарын таштап кетишти. Буга чейин аталган шаардын жергиликтүү администрация имаратында илинип турган Орусиянын желеги таштанды челегине ташталганы тартылган видео жарыяланган.

Мындан тышкары Интернетке чек арага жакын жайгашкан Казачья жана Лопань айылдарында Украинанын желеги илинип турган сүрөт да жарыяланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү брифингде көрсөткөн картада чек арага жакын аймактар Украинанын көзөмөлүндөгү жерлер катары белгиленгенин көрүүгө болот. Бирок брифингде расмий түрдө орус аскерлеринин ал калктуу конуштарды таштап кетиши боюнча түшүндүрмө берилген жок.

Украин аскерлери Харьков облусундагы Балаклея, Изюм жана Купянск шаарларын бошоткондон кийин орус күчтөрү чек арага жакын райондорду эч кандай каршылык көрсөтпөстөн эле таштап кетишти.

Фронт эми орус-украин чек арасын жана Оскол дарыясын бойлой өтүүдө. Учурда Харьков облусунун аталган дарыянын чыгыш тарабындагы анча чоң эмес аймагы Орусиянын көзөмөлүндө калууда.

Украин күчтөрүнүн Харьков облусундагы контрчабуулу 6-сентябрда башталган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын айтымында, андан бери украин аскерлери 3 миң чарчы метрден ашык жерди бошотушту. Күн мурун Украинанын президенти Владимир Зеленский 2 миң чарчы метр жер бошотулганын билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Харьков облусундагы аскерлеринин артка чегинүүсүн алар Донецк облусуна жиберилип жатканы менен түшүндүрдү.

«Донбассты куткаруу боюнча атайын операциянын алкагында Балаклея жана Изюм райондордунда жайгашкан орус күчтөрүн Донецк багытын күчтөө максатында ошол жакка которуу чечими кабыл алынды», — деди мекеменин маалымат катчысы Игорь Конашенков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты