Орунбеков Канделакинин айткандарына жооп берди

  • 2 месяца мурун

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков орусиялык журналист Тина Каделакинин кыргыз бийлигин русофобияга айыптап жазганына жооп берди.

Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Буга чейин Канделаки Бишкектеги Панфилов атындагы аскердик музейдин бузулушуна байланыштуу «авариялык абалдагы имаратты сактап калууга мүмкүнчүлүк болгонун» жазып, «өлкөдө русофобияга мурдатан эле база түзүп коюшканын» билдирген.

Орунбеков музейдин имаратын бузуу чечими дыкат анализден кийин, техникалык корутундунун негизинде, коопсуздук жана башка нормаларга байланыштуу бардык талаптарга туура келбегендиктен кабыл алынганын белгилеген.

Ошондой эле Кыргызстан эгемен өлкө экенин белгилеп, бийлик кабыл алган чечимдер кыргыз элинин кызыкчылыгынын негизинде жүрө турганы айтылган.

«Коомго белгилүү адамдардын Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерде пикир келишпестиктерди жаратышы мүмкүн болгон билдирүүлөрү кабыл алынгыс жана биздин өз ара түшүнүшүү жана урматтоо мамилелерибизге карама-каршы келет» деп жазган Орунбеков.

Ал Канделакиге мындай билдирүүлөрдү жазардан мурда ошол өлкөнүн тарыхы менен таанышып, Кыргызстандs көрүп кетүүсүн сунуштаган.

«Орусиялык теле алып баруучунун русофобия боюнча айыптоолору негизсиз гана эмес, абсурд» деп жазган ал.

2015-жылы имарат жер титирөөгө туруштук бере албайт деген техникалык корутунду чыгып, аны буздуруу сунушталган.

Объект 1969-жылы тургузулган. Азырынча анын ордуна эмне курулары белгисиз.

Быйыл жыл башында орусиялык теле алып баруучу, «Газпром-медиа» мамлекеттик медиа холдингинин башкы директорунун орун басары Тина Канделаки темир жол станцияларынын аталыштарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган. Мындан кийин анын Казакстанга кирүүсунө тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты