Орозайым Нарматова БШКнын чечими боюнча сотко кайрылбайт

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Борбордук шайлоо комиссиясынын аны депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечимин сотко бербейт. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирген.

Нарматова мунун себебин сот адилеттигине ишенбей тургандыгы менен түшүндүрдү.

«Менин мандатымды мыйзамсыз тартып алышты. Бирок менин үнүмдү баса алышпайт. Депутат болбосом дагы жарандык позициямды активдүү билдирип, куугунтукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берем», — деди Нарматова.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда Нарматованын Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Боршайкомдун 20-январдагы жыйынында бул маалыматтарды ырастап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комиссия иштеп, Нарматовага берилген дипломду чакыртып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты