Ооганстанда орусиялык жеке учак кулады. Төртөө аман табылды, экөө изделүүдө  

  • 3 месяца мурун

Ооганстанда Таиланддан Москвага бараткан орусиялык жеке учак кулап түштү. Ал 20-январь күнү кечинде радардан көрүнбөй, байланышка чыкпай калган.

Алгач Ооганстандын Бадахшан провициясынын тургундары түнү кулаган учактын үнүн угуп, полицияга кабарлашкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, чартердик тез жардам каттамындагы төрт киши аман-эсен табылды.

Росавиация кабарлагандай, ар кандай жараат алган жүргүнчүлөрдү куткаруучулар тапкан. Борттогу дагы эки кишинин тагдыры белгисиз, алар изделүүдө.

Орусияда катталган чартердик учак 20-январда радардан жоголуп кетип, байланышка чыкпай калган. Маалыматтарга караганда, Тайланддан учуп чыккан тез жардам каттамы кулап түшөрдөн мурда Индияга жана Өзбекстанга конгон.

«Талибан» башкарган өкмөттүн маалымат катчысы Забихулла Муджахиддин айтымында, учак Ооганстандын Бадахшан провинциясында Каран Ван Мунжан жана Зебак райондорунун ортосуна түшкөн.

Айрым маалыматтарга караганда, учактын ичинде оор абалдагы бейтап, Орусиянын жараны да болгон. Ал Таиланддын Паттайя шаарындагы ооруканалардын биринен Орусияга жеткирилмек.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты