Ооган согушунун аяктаганына 33 жыл. Президенттин кайрылуусу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнүн 33 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда мамлекет юашчы буларга токтолду.

-15-февраль күнүн “Ооган” согушунда курман болгондорду эскерүү менен ооган ардегерлерине урмат-сый көрсөтүү күнү катары белгилөө тарыхый салт болуп келет.

Анда алты жүз жыйырма миң советтик аскер катышып, тогуз жыл, бир ай жана он тогуз күнгө созулган Ооган согушу 33 жыл мурун аяктаганы баарыбызга маалым. 

Советтик аскерлердин катарында сиздер да тайманбай, өлүмгө тике карап, душмандардын көптөгөн колун жок кылып, мизин кайтарып келгенсиздер. Баскан ар бир кадам кооптуу болгон бул согуш аймактарында жер шартын мыкты билген жоонун катуу каршылыктарына карабастан, төрт жүз он алты масштабдык пландуу операциялар жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктаганына күбөсүздөр.

Тилекке каршы, Ооган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок. «Ооган синдромун» туура он жылдан кийин көз карандысыз Кыргыз Республикасына коркунуч жаратып, Мекенибиздин чегине ачыктан-ачык кол салган эл аралык терроризм кайрадан эске салган эле. Тарыхта “Баткен окуясы” деген ат менен калган бул куралдуу кагылышта Мекенди коргоо чакырыгына биринчи болуп Ооган ардагерлери тикесинен тик туруп, аттанып чыгышкан.

Мына ошондуктан, Ооган согушунун ардагерлеринин аттары өлкөбүздүн чыныгы атуулдары катары түбөлүккө сакталып калат деп бекем ишенем.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты