Онкология жана гематология улуттук борборуна жаңы директор дайындалды

  • 5 месяцев мурун

Онкология жана гематология улуттук борборуна директор болуп Нурбек Букуев дайындалды.  

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Нурбек Букуевди тааныштырды.

Борбордун буга чейинки директору Бактыгүл Султангазиева 6-ноябрда кызматынан бошотулду.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине Бактыгүл Султангазиеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама бергени белгилүү болгон.

Депутат Айсулуу Мамашова Султангазиеванын мамлекеттик клиниканы жетектеп туруп, бейтаптарды жеке клиникаларга жибергенин сындаган.  Депутат Аида Исатбек кызы Султангазиеванын ишине нааразылык билдирген.  

Сүрөттө: Нурбек Букуев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты