Олимпиада күндөлүгү: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашын жеңди
- 6 месяцев мурун
31-июлдан 1-августка караган түнү Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашын 3:2 эсебинде утуп алды.
Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалдык баскычта алгачкы атаандашы кубалык Орта Радригес Дель Рей Сайдель Иван аттуу мушкерди жеңип, чейрек финалга чыкты.
Чейрек финалда анын атаандашы АКШдан Жамал Харви болот. Мелдеш 3-августтан 4-августка караган түнү өтөт.
Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан