Окуучулардын бир мектептен экинчисине которулушунун электрондук механизми иштеп чыгылат
- 1 месяц мурун
Окуучулардын бир мектептен экинчисине которулушунун электрондук механизми иштеп чыгылат. Бул тууралуу маселе өкмөттүк кеңешме-жыйында 26-январда талкууланды.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Бирок окуучуну бир окуу жайдан экинчисине которуу процесси дагы эле кол жазма режиминде жүргүзүлөт. Бул коррупциялык тобокелдиктерге жана мектептерге бирдей эмес жүк түшүүсүнө шарт түзөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүк кеңешме жыйында окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которуунун электрондук механизмин киргизүү боюнча демилгени талкууга койду.
«Биз ата-энелер көнүп калган биринчи класска электрондук каттоодон ийгиликтүү өттүк. Эми которуулар менен да ушундай тартипти орнотууга убакыт келди. Система класстарда бош орундардын бар экендигин автоматтык түрдө көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун жокко чыгарышы керек. Бул мектептин администрациясынын жүгүн жеңилдетип, процессти ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү кылат деди Касымалиев.
Талкуунун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы Билим берүү министрлигине кыска мөөнөттө жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда окуучуларды которуунун электрондук системасын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




