Октябрь окуяларында жабыркагандар митингге чыгышты

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун алдында 2020-жылдын октябрь окуяларында жабыркагандар митингге чыгышты.  

Митингдин катышуучуларынын биринин айтымында, 2020-жылы Ала-Тоо аянтындагы окуяларда 150 дөй киши жабыркаган.   

Болотбек Оңолбеков Октябрь окуяларында жабыркаган.

-Октябрдагы окуяларда мен жаракат алгам.  Азыркы учурга чейин эки операциядан өттүм. Дагы эки операцияны чет өлкөдөн жасатыш керек экен. 25 миң доллар евро. Ага акча чогулта албайм.

Мобу балдардын баары октябрда жаракат алгандар, дарыланууга муктаждар.

Ал окуяларда бирөө да жооп берген жок, бирөө да соттолгон жок. Биз талап кылып жатабыз,- деди. Болотбеков бул жакка октябрь окуялары боюнча сот болуп жаткандыгына байланыштуу кеишкенин, аларды эч ким ал окуялар боюнча сотко чакырбагандыгын айтты.   

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча сот процесси улантылууда.

Сүрөт: Kaktus media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты