Оюн-зоок жайынан үч жашар кызды уурдоого шектүү табылды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Жибек жолу көчөсүндөгү оюн-зоок жайынан 9-ноябрда үч жашар кыз уурдалды. Милиция шектүүнү тапты.   

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 9-ноябрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Жибек жолу көчөсүндө жайгашкан соода борборунун оюн-зоок жайынан белгисиз бирөөлөр үч жашар кызды уурдап кеткендигин айтып, кыздын апасы арыз менен кайрылган.

Кызды издөөгө жалпысынан ички иштер органынын 800 кызматкер тартылган.

Оюн-зоок жайынын видеокамерасынан саат 19:50дө болжол менен 13 жаштардагы бала ал кызды көтөрүп, соода залынан чыгып бара жатканы көрүнгөн. Андан ары иликтөө көрсөткөндөй, кызды көтөрүп чыккан баланын жанында бир аял болгон. Алар 200 метрдей басып баргандан кийин, маршруттук таксиге түшүп кетишкен.

Бул иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси, адам уурдоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогоруда аталган аял балдар менен кошо Аламүдүн районундагы айылдардын биринен түшүп калгандыгы аныкталган.

Шектүү аялдын тек-жайы такталган, ал 1998-жылы туулган Р.М. болуп чыккан.  Ошол күнү, 9-ноябрда, 5 жаштагы жана 13 жаштагы инилерин оюн-зоок жайына алып баргандыгы белгилүү болгон.

Кызды уурдоо фактысы боюнча тергөө жүрүп жаткандыгы маалымдалды.              

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты