Облустук гезиттерди жоюу керекпи? Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду

  • 1 год мурун

Министрлер кабинети “Облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндө” токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, облустук мамлекеттик гезиттердин редакцияларынын жоюлушу белгиленген.

Министрлер Кабинети төмөнкү облустук гезиттердин редакциялары жоюлсун деп эсептейт:

  1. «Баткен таңы»- Баткен облсутук гезитинин редакциясы;

2. “Акыйкат” – Жалал-Абад облустук гезит редакциясы;

3.  “Жалал-Абад тонги” – Жалал-Абад облустук гезитинин редакциясы;

4. “Ысык-Көл кабарлары” – Ысык-Көл облустук гезитинин редакциясы;

5. “Вести Иссык-Куля” – Ысык-Көл облустук гезитинин редакциясы;

6.“Теңир Тоо” – Нарын облустук гезитинин редакциясы;

7. “Талас байрагы” – Талас облустук гезитинин редакциясы;

8. “Чүй Баяны”- Чүй облустук гезитинин редакциясы

9. “Чуйские известия” – Чүй облустук гезитинин редакциясы;

10.“Ош жаңырыгы” – Ош облустук гезитинин редакциясы;

11. “Уш Садоси” – Ош облустук гезитинин редакциясы;

12. “Эхо Оша” Ош – облустук гезитинин редакциясы.

Окурманларга маалыматты тез жеткирүүдө телекөрсөтүү, радио жана мобилдик Интернетке салыштырмалуу облустук гезиттер оперативдүүлүк жактан артта калууда. Ошол себептен, мезгилдүү басылмалардын маалымат жеткирүү боюнча форматын дагы өзгөртүү керек экени айтылат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттердин редакциялары боюнча маселелерди коомчулук жана медиа-рыноктун өкүлдөрү менен талкуулоого даяр Сунуштардын негизинде облустук гезит редакцияларынын мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча чечим кабыл алына тургандыгы белгиленди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты