Оңдоо иштеринен улам 31-октябрда “Мурас ордо” жана “Калыс ордо” конуштарында суу токтотулат

  • 6 месяцев мурун

31-октябрда “Мурас Ордо”, “Калыс Ордо” суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.  

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.    

Төмөнкү даректердеги турак жай, мектептер мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

• “Мурас Ордо” конушу саат 9:00дөн 20:00гө чейин.

• «Калыс Ордо» конушу саат 9:00дөн 15:00гө чейин.

«Мурас Ордо», «Калыс Ордо» суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат:

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты