Нуртазин Жетыбаев Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Нуртазин Жетыбаев Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы 16-декабрда билдирди.

Нуртазин Жетыбаев 2019-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу тобун жетектеп келген.

Ага 2014-жылы Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Бул иш боюнча ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бактыбек Абдыкапаровго дагы кылмыш иши козголгон.

Жетибаев 2015-жылы үй камагына чыгарылып, 2016-жылы сот аны алты жылга, үч жыл сыноо мөөнөтү менен шарттуу кескен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты