Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 5-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп “Ата журт” фракциясынан депутат Нурланбек Шакиев шайланды. Жашыруун добуш берүүдө Шакиевге 80 макул, каршы 6 добуш берилди.   

Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин үч фракция — “Элдик” тобу,  “Ата журт-Кыргызстан” жана  “Альянс” фракциялары көрсөткөн.  “Ишеним” фракциясы Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин колдойбуз деген чечим чыгарган. Башка талапкерлер көрсөтүлгөн эмес.

Нурланбек Шакиев Курманбек Бакиевдин учурунда Президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген.   

Талант Мамытов өз каалоосу менен бүгүн отставкага кетүү арызын бергендиги маалым.

Нурланбек Шакиев “Парламенттин Баш мыйзамдагы орду кандай болсо, дал ошондой иштеши керек. Парламент коллегиалдуу орган, 90 депутат менен бирге, парламенттин кадыр-баркын  көтөрүү боюнча иш алып барам деген ойдомун” деди.  

Дастан Бекешев Шакиевден парламент менен Кабминдин мамилеси тууралуу сурады. “Жон терибиз менен сезип жатабыз.  Министрлер кабинети Баш мыйзамда кандай жазылса, ошонун негизинде иш алып барабыз” деп билдирди.  

Бекешев Бакиевдер боюнча да суроо салды. “Жаран катары пикирим коомчулуктукунан кескин айырмаланбайт, коомдо көз караш кандай болсо, меники да ошондой болот” деп жооп берди Шакиев.

Депутат Медер Алиев талапкердин программасын билсек деп сурады.

Улукбек Ормонов регламент боюнча маселени кантип чечүү керектигине кызыкты. “Регламент – негизги документ, келечекке да иштеш керек. Төрт маселе боюнча пикир келишпестиктер болгон, ал такталды” деп билдирди Шакиев.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков парламентке келерки жумада чек араны делимитация жана демаркация боюнча олуттуу документ алынып келине турганын билдирип, маселеге кандай мамиле болоруна кызыкты. Шакиев регламент кабыл алынса, маселе ийгиликтүү чечилерин айтты.

Элвира Сурабалдиева октябрь окуялары жана андан жабыркагандар тууралуу пикирин айтты. Октябрь окуяларында жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүүнү суранды. Ошондой эле гендер маселесинде прогрессивдүү жетекчи болуп берүүнү өтүндү.

Депутат Исхак Масалиев талапкердин Жогорку Кеңештин спикери катары өкмөттүн адвокаты болбой, тикесинен тик турасызбы деп сурады. Шакиев парламенттин милдети татыктуу мыйзамдарды кабыл алуу, көйгөйлөрдү аткаруу бийлигинен талап кылуу экенин билдирди.

Депутат Дастан Жумабеков “ЖМКга ачык болсоңуз,  көйгөйлөрдү булар туура түшүндүрүп берет” деди.     

Сүрөттө: Нурланбек Шакиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты