«Айыл өкмөт башчыларын ротациялоо өзүн актаган жок». Парламент төрагасы жыйында билдирди

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу айыл өкмөт башчыларын ротациялоо саясаты өзүн актабагандыгын айтты.

Төрага Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, азыр айыл өкмөт башчысы болууну каалагандар өз айылына эмес, башка аймактарды жетектөөгө тартыларын белгиледи.

 «Бирок бул иш жүзүндө туура эмес натыйжаларга алып келүүдө. Шаар жана облус башчылары, акимдер арасында ротациялоо саясаты өзүн актаганы менен айыл өкмөттөр арасында андай жыйынтыкты көрө алган жокпуз. Бүгүнкү күндө ар бир районду карасак, экиден-үчтөн айыл өкмөттөрдүн орду бош турат. Башка айылдардан барып иштебей жатышат. Барса дагы эки ай, үч ай, эң көп дегенде төрт-беш айдан кийин кетип калышууда» деди.

Нурланбек Тургунбек уулу, президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлүнө тез арада мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген сунушту алып келүү талабын койду. 

Сүрөттө: Тургунбек уулу. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты