Нур-Султанда Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

  • 2 года мурун

Казакстандын борбору Нур-Султанда Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты салынат. 25-апрелде Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жана дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата иш-чараларды талкуулашты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тараптардын жолугушуусунда Кыргызстандын элчилигинин жаӊы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү.

Эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 15-октябрында түзүлгөн. Эгемендүүлүк жылдарында 120дан ашык кыргыз-казак мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулар түзүлгөн.

Тараптар 1997-жылдын 8-апрелде “Түбөлүктүү достук жөнүндө” жана 2003-жылдын 25-декабрында “Союздук мамилелер жөнүндө” келишимге кол коюшкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты