Норвегия, Испания жана Ирландия Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин чыгарды

  • 2 месяца мурун

Норвегиянын Палестинаны мамлекет катары тааныган чечими 28-майда күчүнө кирет.

Бул тууралуу NRK (Норвегия мамлекеттик телеберүү компаниясы) өлкөнүн премьер-министри Йонас Гар Стёреге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин ошондой эле Ирландия менен Испания да кабыл алды.

Буга жооп катары Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кац кеңешүү үчүн тез арада Ирландия менен Норвегиядагы элчилерин чакыртууну тапшырды.

Бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүнүн ичинен Палестинанын көз карандысыздыгын Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Словакия, Чехия жана Швеция тааныйт.

Жалпы дүйнө жүзү боюнча Палестинанын көз карандысыздыгын БУУга мүчө 193 өлкөнүн 143ү тааныган.

2012-жылдан бери Палестинанын БУУда байкоочу мамлекет деген макамы бар болчу. 10-майда уюмдун Башкы ассамблеясы Палестинанын укуктарын кеңейтип, аны өз курамына кабыл алууну колдогон.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Палестина мамлекетин түзүүнү жактай турганын билдирген. «Израил элинин да, палестин элинин да узак мөөнөттүү коопсуздугун камсыз кылуунун жалгыз жолу – эки мамлекет түзүү. Бул айдан ачык» деген Байден.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты