Миң-Кушта 12 гектер жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 2 месяца мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) прокуратура органдары менен бирге мурда Миң-Куш «Оргтехника» заводуна – (азыркы «Оргтехника» ААК) таандык “Маринка” пансионатынын 12 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Аталган тилке туристтик аймакта, альтернативдик Түндүк-Түштүк автожолунун боюнда (бир тарабы тоолуу аймак, экинчи тарабында — токою жана Көкөмерен дарыясы) жайгашкандыгы айтылат.
1965-жылдын октябрь айында Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик токой фондусуна таандык болгон аталган жер участогу Эмгекчилер депутаттарынын Жумгал райондук Советинин аткаруу комитетинин чечими менен Миң-Куш «Оргтехника» заводуна убактылуу бөлүнүп берилгендиги (туристтик базанын курулушу менен бирге мамлекетке кайтарып беруу шарты менен) белгиленген.
Союз мезгилинде ишкананын кызматкерлери үчүн «Оргтехника» ААКга тиешелүү бул жер тилкесинин аймагында тиешелүү инфраструктурасы бар пансионат (коттедждер, эс алуу үйлөрү ж.б.) түзүлгөн.
Союз тарагандан кийин кызыкдар жактар тарабынан демонтаждоонун жыйынтыгында иргөө жана сатуу жолу менен талкаланган.
«Миң-Куш Оргтехника» заводу 1970-1971-жылдары түптөлүп, эл керектөөчү товарларды (калем, түрдүү түстүү фломастер ж.б.) чыгаруу боюнча Нарын облусундагы алдыңкы өнөр жай жана бюджет түзүүчү ишкана болгон.
1994-жылы «Оргтехника» заводу «PESAC» программасына (Банкроттук жол-жобосу аркылуу төлөөгө жөндөмсүз ишканаларды кайра уюштуруу жана жоюу аркылуу мамлекеттик ишканалардын секторун реформалоо, түзүмүн өзгөртүү жана менчиктештирүү программасы) киргизилген жана 1995-жылы ААК болуп кайра уюштурулуп, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну К.Т.М. директор болуп шайланган.
2008-жылы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдары тарабынан убактылуу пайдаланууда болгондугуна карабастан, бул жер участогу тиешелүү документтери жок «Оргтехника» ААКсына катталып, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген.
«Маринка» пансионатынын жер тилкеси Миң-Куш айыл аймагынын балансына тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысына ылайык өткөрүлүп берилген.
«Оргтехника» ААКнын кайтарылган кыймылсыз мүлкүнүн жалпы аянты 18,48 гектарды түздү.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




