Нооруз — Улустун улуу күнү. Майрамыңыздар менен!

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 21-мартта, Нооруз майрамы белгиленүүдө. Нооруз – байыркы майрамдардын бири. Анын маңызы — табияттагы бул күндөгү жаңыланууну, коомдун жана адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо. Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, жаз башталарын эзелки кыргыздар да эсептеп билип, бул күндүн касиетин даңазалаган улуттук салт-жөрөлгөлөрү кадим замандан калыптанган „Улустун улуу күнү“.

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас,- деп аластап, жакшы ниет менен жакшылык тилейли!

Бишкекте Нооруз майрамы эски аянтта белгиленет

Бишкек шаардык мэриясынын билдирүүсү боюнча, быйылкы жылы майрамдык иш-чаралар Турдакун Усубалиев атындагы аянтта саат 10:00дөн 19:00гө чейин белгиленет.

Борбор калаанын тургундарын жана конокторун кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган жаркын жана жакшы эмоцияга бай иш-чаралар күтөт. Иш-чаралар «Кел, куттуу Ноорузум!» аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат.

Күнү бою аянтта кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот. Каалоочулардын баары орнотулган “Ордо (Кыргыз айылы)” боз үйлөрүнө баруу менен кыргыз элинин каада-салты менен тааныша алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты