1-май – эмгек адамын урматтаган өзгөчө күн. Куттуктоо  

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды 1-май – эмгек майрамы менен куттуктады.

-1-май – жаздын мээримин, жылуулугун, жаңыланууну, жаратылыштын жанданышын алып келген, эмгекти даңазалаган, эмгек адамын урматтаган өзгөчө күн. “Дүйнө падышасы эмгек болот” деп XIX кылымда акылмандын жазганы накта чындык экенин далилдеп, айрым өлкөлөр өздөрүнүн эмгеги, экспортко чыгарган товарлары аркылуу дүйнө жүзүндөгү элдердин арасында таасирдүү абройго, экономикалык жана саясий күч-кубатка ээ болушту.

Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштоодо.

Бул майрам ар бириңиздерге жакшы маанай, жаңы дем-күч жана ийгилик алып келсин. Эмгекке жараша береке болуп, ар бир үйдө тынчтык, береке жана ынтымак өкүм сүрсүн. Жаздын жаркын күнү жүрөгүңүздөргө жылуулук тартуулап, келечекке болгон ишенимиңиздерди бекемдесин, -деп айтылат куттуктоодо.

1-май — Кыргызстанда эмгек майрамы болуп саналат.

Иллюстрайиялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты