Ноокатта турак үйдөн өрт чыгып, төрт адам набыт кетти. Алардын экөө жаш балдар

  • 2 года мурун

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, төрт киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан кесепетинен 41 жана 39 жаштагы эки аял, 12 жашар өспүрүм жана 2 жаштагы наристе каза тапты.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден2 бөлүм тартылып, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты