Ноокатта сел жүргөн аймакта куткаруучулар иштеп жатат

Бүгүн, 29-июнда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулар Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишти.

Сел жүргөн аймакта 124 куткаруучу иштеп жатат.

Куткаруучулардын 13ү Кезарт жайлоосуна чыгып кетишти. Учурда 46 куткаруучу сел болгон аймакта издөө иштерин жүргүзүүнү башташты.

Ал эми 18 куткаруучу селдин кесепеттерин жоюу иштерине тартылат. Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдор департаментинен тартылган 5 адис сел жүргон аймакта изилдөө иштерин жүргүзө баштады.

28-июнда Апшыр-Атага эс алууга барып,  суунун аркы бетинде 1300 адам суудан өтө албай калышкан.

Сел жети кишини агызып кеткен. Селдин кесепетинен каза болгон 5 адамдын сөөгү табылган. Калгн эки адамдын сөөгүн издөө улантылууда.

Эки тараптуу жабылган Көк-Жар-Кулатов жолу 29-июнда саат 1де ачылган.

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланган.  

Ноокат районунда 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда аба ырайы бузулуп, сел жүргөн.


  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты