Ноокатта бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кеткен жери мамлекетке кайтарылды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Ноокат районунда бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кеткен жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы Ноокаттагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнө караштуу «Арал» бала бакчасынын 18 сотых жери жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө бакчанын жери «Арал» дыйкан чарбасынын жыйынынын токтому менен сатылганы аныкталган.

Прокуратура бала бакчанын жерин кайтарып алуу боюнча сотко кайрылган. Натыйжада, соттун чечими менен баасы 3 млн сомдук 18 сотых жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты