Ноокатта баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылган шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

Ноокатта баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ноокат районунун аймагында “Х” аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап, сатып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде 11-ноябрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) негизинде кылмыш иши козголгон», — деп жазылат маалыматта.

Анын алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2024-жылдын 17-декабрь күнү кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1970-жылы туулган Ы.Х. жана 1974-жылы туулган Н.А. аттуу тургундары кармалышты.

Шектүүлөрдүн жанынан жана үйлөрүн тинтүү учурунда 49,09 грамм өзгөчө жыты бар зат алынган.

Ага тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык алынган зат гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Шектүүлөр райондук сот тарабынан камакка алынды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты