Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси кармалды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурдагы Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары А.И. кармалды.

Аталган кылмыш ишинин алкагында “Ошэлектр” мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты