Ногойбаевага абактан кат жазган мурдагы күйөөсүнө телефон алып кирген кызматкерлерге дисциплинардык жаза берилди

  • 1 месяц мурун

Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп соттолгон анын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов ага абактан кат жазып, коркутуп жүргөн окуя боюнча Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери дисциплинардык жаза тартылышты. Бул тууралуу Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Анда Саутова: «3-мекемеге (ред. №3 абак) соттолгон А. Эстебесовго уюлдук телефон алып кирген Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине чара көрүү боюнча менин арызым боюнча дисциплинардык жаза гана колдонулган»,-деп жазган.

Ошондой эле билдирүүсүндө Индира Саутова «башында ал атайын прокуратурага арыз менен кайрылганын, бирок атайын прокуратура ишти өзү текшербей «жалкоолук» кылып, арызды Жаза аткаруу кызматына жөнөтүп койгондугун айткан:

«Атайын прокуратуранын жооптуу кызматкерине менин арызымды Жаза аткаруу кызматына жөнөтүү оңой болуп, ал эми алар ички текшерүү жүргүзүп, телефонду алып барып берүү бул кызматтык кылмыш эмес, болгону тартип бузуу экенин айтышты».

Эскерте кетсек, мындан бир ай мурун Асел Ногойбаева социалдык баракчасына өзүнө зомбулук көрсөтүп абакта жаткан мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов уюлдук телефондон коркутуп кат жазып жаткандыгын билдирип, каттын сүрөттөрүн жарыялаган. Анын адвокаты Индира Саутова бул боюнча прокуратурага арыз жазганын айткан эле.

26-январда Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал 2023-жылдын 20-сентябрында Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты