Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган мурдагы күйөөсү 20 жылга эркинен ажыратылды

  • 6 месяцев мурун

Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган мурдагы күйөөсү 20 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарды.

Мындан тышкары, Ногойбаевага компенсация катары 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук соту шектүүнү эки айга камаган.

Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.

Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Судья Токтомаматов президенттин жарлыгы менен 1-ноябрда кызматтан алынган.

Башкы прокуратура Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген.

Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты