Нью-Йорк шаарында саясий куугунтукка каршы митинг өттү

Нью-Йорк шаарында, БУУнун алдында 19-сентябрда саясий куугунтукка каршы митинг өттү. Анда дүйнөнүн бардык булуң -бурчунан келгендер катышты, украиналыктар, кыргызстандыктар, ирандыктар ж.б. чыгышты.

Саясий куугунтукка ал митингге каршы кыргызстандыктар да катышып, Кыргызстанда саясий куугунтукка кабылгандар, Кемпир-Абад иши боюча камалгандар боюнча каршылыктарын билдиришти.    

Митинг учурунан активист Тилекмат Куренов Фейсбук баракчасында чагылдырды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча отурум улантылып жатат.

Айыпталуучулар кылмыш иши менен толук тааныша электигин билдиришти. Сот процесси ошол замат башталып кеткенине нааразы болушканда, сот айыпталуучуларды сот залынан чыгарып жиберди.   

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты