Next tv телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин иши сотко өткөрүлдү

Next tv телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин иши сотко өткөрүлдү. Эртең, 14-июлда, соттук териштирүү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өтөт.

Бул тууралуу анын адвокаттары Тимур Султанов жана Акмат Алагушев маалымат жыйынында билдирди.

Адвокаттардын айтымында, коюлуп жаткан айыптын негизи жок, психологиялык-лингвистикалык экспертиза мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн. Ошол себептүү экспертиазанын объективдүүлүгү шек жаратат.  

Адвокаттар орусиялык эксперттерге кайрылганда,  улут аралык кастыкты козутуу белгилери жок деп тапкан. Адвокат Тимур Султановдун айтымында,  ЖМКнын кайсы гана кызматкерине болбосун же блогерге, кастыкты козутту деп, ушул 303-берене менен айып тага берсе болот деген ой жаралат. Таалай Дүйшөнбиевге мына ушундай жол менен, негизсиз айып тагылууда. Анын эч кандай далили жок.

Таалай Дүйшөнбиев телеканалдын директору, анын социалдык тармактардагы материалга эч бир тиешеси жок.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев 48 саатка камакка алынган.

Атайын кызмат буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон деп эсептейт. Экспертиза бул маалыматта «кастыкты козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Медиа Полиси Институту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) тергөө абагына камоо чечими КР Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат деп билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өз билдирүүсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген сөз эркиндигин урматтоого чакырды.   

Кыргызстандын медиа тармагынын жана жарандык коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди куугунтуктоо уланып жаткандыгы боюнча билдирүү таратты. Анда 3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиедин камалышы, ага чейин Temirov Life, Kaktus Media медиаларынын кысымга кабылганы айтылып, кесиптик милдетин так аткарып жаткан ЖМКларга жана журналисттерге кылмыш ишин козгоонун ыплас көрүнүштөрүн токтотууга чакырышты.

5-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Next TV каналын колдоо митинги өттү.

Каналдын учредители Равшан Жээнбеков бул басымдын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан болуп жатканын белгиледи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Next TV телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын карады. Судья Айнура Сатарова Башкы прокуратуранын арызын жарым-жартылай канааттандырып, телеканал жарыялаган маалыматты экстремисттик деп тапты. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Сүрөт: Бүгүнкү жыйындан. «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты