Нарындын Бак-Четин кыштоосуна кар көчкү түшүп, малды басып калды
- 6 месяцев мурун
Нарын районуна караштуу Бак-Четин кыштоосуна көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түштү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Жерге-Тал айылынын 11 тургунуна таандык 82 кой, 2 эчки, 3 бодо малды кар көчкү басып калган.
Кыштоого каттоочу жол жабылган.
Кар көчкү баскан жерге Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл өкмөттүн беш кызматкери, бир жүктөгүч, 1 ГАЗ-66 жана жергиликтүү тургундардан 75 адам тартылган.
Табигый кырсыктан адамдар жабыркаган жок.
![Нарындын Бак-Четин кыштоосуна кар көчкү түшүп, малды басып калды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/01/kar-k-chu-.jpg)
Сүрөттөр: ӨКМ
Муну бөлүшүү