Нарында Ормон хандын 230 жылдыгы: Президент иш-чараларга катышат
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Семиз-Бел айылында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү, Ормон хандын эстелигин ачуу жана башка маданий-массалык иш-чаралар болот.
Маалыматтарда айтылгандай, Ормон хан Ниязбек уулу кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн. 1842, 1843, 1851-жылдары Ысык-Көл, Куртка, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.
Майрамдык иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
Майрамдык иш-чаралардын башталышы 10:45те.
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.