Нарын жана Кочкор райондорунда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду  

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 18-майда, Нарын облусунун Кочкор районунда шамал катталып, Ак-Кыя, Төлөк айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Ошондой эле Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагында да катуу шамал катталып, Лахол, Жер-Көчкү айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөг бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз «112» кызматына билдирүүнү эскертет. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты