Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров акыркы сапарга узатылат    

  • 12 месяцев мурун

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрынын режиссёр-коюучусу Мендебаиров Шамбет Кенжегулович 51 жаш курагында 2023-жылдын 1-майында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.  Акыркы сапарга узатуу тажиясы 3- май саат 11-00до Нарын шаарынын Жаңы-жол аймагында өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Шамбет Мендебаиров 1972-жылдын 22-августунда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

1997-2003-жылдары. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун «Театр жана кино» факультетинин «Режиссура» кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрына келип, дипломдук ишине В.Дельмардын «Жашоо деген…» спектаклин койгон.

2012-жылдан ушул күнгө чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында көркөм жетекчи, режиссер-коюучу болуп эмгектенген. Анын режиссерлугу алдында көптөгөн чыгармалар коюлган. Алсак, :В. Дельмар « Жашоо деген …», Т.Якуб «Селим жана Ханыша», Ч.Калыбекова «Ботокөз», Ж. Өзбекова «Күйөө сатам», К.Мамбетакунов «Укей», В.Сологуб «Назик жүрөк», М.Байжиев «Төрт адам»,К. Иманалиев «Актриса» С. Рысбаев «Адам пери», К. Култегин «Шыпыргы өмүр», К. Осмоналиев «Көчмөндөр кагылышы »ж.б.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты