Нарын сууга түшүп кеткен бала изделүүдө

  • 2 года мурун

8-март күнү Нарын районунун Орто-Нура айылында 8 жаштагы Т.Т. аттуу жаш бала балдар менен ойноп жатып Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Андан издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакка 31 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 60 киши жана ИИМден 23 кызматкер тартылып, жалпы 55 чакырым аралыкта издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иш-аракеттери улантылууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты