Ата-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан кайтарылды
- 2 месяца мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен тыгыз кызматташтыкта Кыргыз Республикасынын эки жаранын — ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды мекенине 27-февралда кайтарды.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Балдарды кайтаруу эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык, балдардын эң жогорку кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылды. Азыркы учурда министрлик тарабынан балдарды жакын туугандарына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




