Нарын шаарынын мэри болуп 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу шайланды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-октябрда Нарын шаардык кеңеши, калаага жаңы жетекчи дайындоо маселесин карап, жаңы мэр катары Арслан Сталбек уулун бекитти. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Нарын шаарынын мэрлигине эки киши талапкерлигин койгон. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 16сы Арслан Сталбек уулуна добуш берсе, экинчи талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добуш алган. Ал эми бир депутат экөөнө тең каршы добуш берген.

Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары «Ала-Тоо» эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон. Ал курулуш компанияларында, бетон заводдордо, банктарда иштеген.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков 18-сентябрда 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо коррупциялык иштерге аралашкан деген шек менен кармалган. 29-сентябрда ал «Фейсбук» баракчасы аркылуу акыркы жагдайлардан улам кызматында кала албастыгын айтып, иш ордун тапшырганын жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты