Коррупцияга айыпталган Нарын шаарынын мэри кызматтан кетерин жарыялады

  • 3 года мурун

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков «Фейсбуктагы» баракчасында ээлеген кызмат ордунан кетип жатканын жарыялады.

«Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Аз болсо да, үч ай ичинде болгон күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм», — деп жазды ал.

Болотбеков 18-сентябрда 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо коррупциялык иштерге аралашкан деген шек менен кармалган. 20-сентябрда сыртка чыкпоо тил катынын негизинде камактан бошотулган.

Болотбеков Нарын шаарына мэр болуп быйыл июнь айында дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты