Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кармалды

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Нарын шаарындагы билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталганын билдирди.

Маалыматта Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин ар биринен 4000 сомдон 5000 сомго чейин мыйзамсыз түрдө акча талап кылып тургандары айтылат.

Чогултулган акча каражаттары аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында Эсептөө палатасынын текшерүүчү инспекторуна берилет деп айтылган.

Жогоруда айтылган ишке тиешеси бар адамдардын кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда 68 миң сом акча, ошондой эле Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин (мектептер жана бала бакчалар) тизмеси, анда каражаттардын которулушу жөнүндө белги коюлган жазуу бар экени аныкталган.

12-мартта кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Т.У.С. кармалып, соттун чечими менен тергөө учурунда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты