Нарын облусунда жер титиреди
- 1 год мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү