Ак-Буура дарыясынын нугунан 300 тоннадан ашык сел калдыктары, кум-шагыл чыгарылган
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров Ош шаарында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде март айында дарыянын 17 чакырым тилкесинин абалына талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.
Жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн, 22 техника тартылган. Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштерин ушул жылдын 15-апрелине чейин бүткөрүү пландаштырылган.
Президент Садыр Жапаров суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Сүрөттөр: president.kg




