Кара-Көл шаарынын мэри, Аксы районунун акими алмашты
- 3 месяца мурун
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри жана Аксы районунун акими алмашты. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев кызматынан бошотулду. Азамат Турдубеков Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Максатбек Саргазаков кызматынан бошотулду. Азамат Намазалиев Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




