Нарын дайрасына түшүп кеткен экскаваторчунун сөөгүн алып чыгышты  

  • 10 месяцев мурун

Нарын шаарынын тургуну, 68 жаштагы Ө.Ү. аттуу экскаваторчунун сөөгүн куткаруучулар 3-июлда  суудан чыгарып ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда экскаватору менен түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматына 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дайрасына кулап, шар сууга кирип кеткендигин билдирген.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты